Чоң-Алайда көчөтү Россиядан алып келинген тикенексиз чычырканак быша баштады

Аймак Загрузка... 22 Июль 2025 16:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Чоң-Алай районунда тикенексиз чычырканак көчөттөрү биринчи түшүмүн берүүгө даяр болууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чычырканактын көчөтү жеке ишкерлер тарабынан Россиянын Алтай аймагынан алып келинген. Аймакка инья, клавдия жана алтай сорттору отургузулуп, көчөттөрдүн 90 пайызы мөмө байлаган. Ар бир түптөн орточо 8-12 килограмм түшүм алынары күтүлүүдө.

Өсүмдүктөр тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрүлүп, бул суу ресурстарын үнөмдөөгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Даяр продукциянын базардагы баасы 250-380 сомдун тегерегинде. Бул фермерлер үчүн кирешенин жаңы булагы катары каралууда.

"Жергиликтүү дыйкандар арасында тикенексиз чычырканакка кызыгуу жогорулап, аймактын агрардык потенциалына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда", - деп айтылат маалыматта.