Чоң-Алайда миң түп чычырканак өстүргөн дыйкан алгачкы түшүмүн жыйнады

Коом 104 17 Август 2026 12:10
1071393002_0_153_3099_1896_1920x0_80_0_0_9ec58331af554f6b232b51db7ae849bb.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунда чычырканак өстүрүү менен алектенген дыйкандардын эмгеги үзүрүн бере баштады.

Райондук администрациядан билдиришкендей, Дароот-Коргон айылынын тургуну Алмамат Маматкожоев 2023-жылы үч сорттогу 1000 түп чычырканак отургузган.

"Быйыл көчөттөр мөмө байлап, алгачкы түшүмүн бере баштады. Чарбаны өнүктүрүү үчүн "Чоң-Алай" айыл чарба кооперативи аркылуу дыйкандарга мөмө-жемиш көчөттөрү берилүүдө"

Кооператив Айыл чарба министрлигинин "Регионалдык экономикалык өнүктүрүү" фонду аркылуу 7 жылдык мөөнөткө насыя алып, ишин кеңейтүүдө. Алынган көчөттөр кооперативдин 18 мүчөсүнө бөлүштүрүлүп берилген.