Чоң-Алайда 400 тонна картошка үрөнүн сактоочу логистикалык борбор курулууда

Аймак Загрузка... 29 Июль 2025 15:30
8a2ee393-61a3-4aca-8dbc-16cfacf9896d.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында 400 тонна картошканын үрөнүн сактоого ылайыкташкан заманбап логистикалык борбор курулууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, логистикалык борбор эки бөлмөдөн турат, ар бир бөлмөнүн сыйымдуулугу — 200 тонна.

Ошондой эле анын аймагында картошканы сорттоого арналган атайын зона да каралган.

Логистикалык борбордун муздаткыч камераларын куруу үчүн каржылык колдоо төмөнкү булактардан көрсөтүлгөн:

  • Ош облусу тарабынан – 5 млн сом;
  • Чоң-Алай райондук администрациясынан – 5 млн сом;
  • Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн – 1 млн сом;
  • "Гуд Нейборс" уюму тарабынан — 12 млн сомдон ашык каражат.

Объект Кыргызстандын мамлекеттик колдоосу менен курулууда. Ал эми "Гуд Нейборс" уюму логистикалык борборду төмөнкү өндүрүштүк жабдуулар менен камсыздайт:

  • 2 даана муздаткыч агрегат;
  • 1 даана этилен абсорбери;
  • 2 даана өндүрүштүк нымдандыргыч;
  • 125 кВт кубаттуулуктагы генератор;
  • 1 даана электр жүк ташуучу;
  • жыгач контейнерлер.

Мындан сырткары, логистикалык инфраструктураны пайдалануу менен Колумбиядан алып келинген "супер-супер элита" сортундагы үрөн картошка отургузулган. Бул иш-аракеттин негизги максаты — экспортко багытталган картошка өндүрүшүн өнүктүрүү.

Аталган логистикалык борбор айыл чарба продукцияларын сапаттуу сактоо, үрөн картошканын туруктуулугун жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле фермерлерди колдоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.