Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн.
Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган сумманы өз ыктыяры менен толугу менен төлөп берди.
Учурда каражат мамлекеттик бюджетке толугу менен которулду.