Чоң-Алайда 19 гектар кунарсыз жер өздөштүрүлүүдө

Аймак Загрузка... 21 Ноябрь 2025 10:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Чоң-Алайда 19 гектар кунарсыз жерди өздөштүрүү багытында "ак пейил" кооперативи иш алып барууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин өкүлдөрү аталган кооперативдин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.

Кооперативге 19 гектар кунарсыз жер аянты бөлүнүп берилген. Учурда бул жерлерди өздөштүрүү жана өндүрүшкө пайдалуу аймакка айландыруу багытында бир катар иштер аткарылууда:

  • жер толугу менен курчалып, зым тор менен тосулду;
  • талаага суу чыгаруу боюнча даярдык иштери көрүлүүдө;
  • аймакты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр мамыларын тартуу иштери жүрүп жатат;
  • жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системасын орнотуу пландалууда.

Кооператив төмөнкү өсүмдүктөрдү эгүүнү пландап жатат: картошка, итмурун, чычырканак жана аймактын климаттык шарттарына ылайык башка айыл чарба өсүмдүктөрү.

Министрлик белгилегендей, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана эффективдүү пайдалануу боюнча бул демилге Чоң-Алай районундагы айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот.