Чоң-Алайда жума сайын айыл чарба жарманкеси өтүүдө – дареги

Аймак Загрузка... 23 Декабрь 2025 16:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Чоң-Алай районунда жума сайын айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке шейшемби күндөрү райондун борбордук базарында атайын даярдалган жайда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана дыйкан-фермерлер өндүргөн сапаттуу айыл чарба продукцияларын элге түздөн-түз жана арзан баада сатуу максатында өткөрүлүүдө.

Жарманке дыйкан-фермерлерге өз продукцияларын ортомчуларсыз сатуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, жергиликтүү тургундарды жаңы, экологиялык таза жана сапаттуу азыктар менен камсыз кылууга багытталган.

Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы бардык фермерлерди жана райондун тургундарын жума сайын өтө турган жарманкеге активдүү катышууга чакырат.