Чоң-Алайда 24 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Аймак 29 май 2025 17:27
Чоң-Алайда 24 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Быйыл Чоң-Алай районунда 24 даана трансформатордук көмөк чордон капиталдык (КТП) оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай району жаратылыш шарты оор, жаан-чачындуу, тоолуу аймак болгондуктан, утурумдук жана пландык оңдоо иштери май айында башталган. Учурда 5 КТП капиталдык оңдоодон өткөрүлүп бүтүү алдында турат.

Планга ылайык, 2025-жылы төмөнкү капиталдык курулуш иштери аткарылат:

• 10 кВ кубаттуулуктагы 4 км аба чубалгысы;
• 0,4 кВ кубаттуулуктагы 1,6 км чубалгы;
• 1 даана кошумча көмөкчү чордон.

Белгилей кетсек, Чоң-Алай райондук электр тармактарында жалпы абоненттердин саны 4793 турмуш-тиричилик абоненти, ал эми 572 керектөөчү юридикалык тараптар болуп эсептелет. Жалпысынан 196 көмөкчү чордон бар, анын ичинен 140 даанасы Чоң-Алай РЭТтин карамагында, калган 56 көмөкчү чордон башка керектөөчүлөргө тиешелүү.

Аймактагы жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери:

• Дароот аймагы: План боюнча 10 КТП, анын ичинен 8и бүткөрүлдү;
• Кашка-Суу аймагы: План боюнча 5 КТП, анын 4ү бүткөрүлдү;
• Жекенди аймагы: План боюнча 6 КТП, анын 5и бүткөрүлдү.

Мындан тышкары, утурумдук оңдоо иштеринин алкагында, 2025-жыл үчүн бекитилген планга ылайык, 50 км узундуктагы 10 кВ аба электр чубалгылары оңдолуп-түзөлдү.

Жалпысынан, Чоң-Алай РЭТ боюнча 2025-жылдын июнь айынан тартып капиталдык курулуш иштери активдүү улантылат.