Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Чүй облусунда инвестициялык активдүүлүк жогорулап, аймакка жаңы долбоорлор менен инвесторлор келе баштады. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, акыркы төрт ай ичинде облуска дээрлик күн сайын ички жана тышкы инвесторлор келип, өз сунуштарын жана жаңы долбоорлорун сунуштап жатышат.
“Бул мамлекетке болгон ишенимдин өсүп жатканын көрсөтөт. Ошондой эле инвестициялык климат жакшырып, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө”, - деди Аширбаев.
Ал белгилегендей, Чүй облусунда өндүрүштү өнүктүрүүгө, кайра иштетүү тармагына жана башка багыттарга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Облус жетекчилиги инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.