Тартыштык көйгөйү чечилет: “Заманбап мугалим” долбоору ишке кирди

Коом 155 18 Август 2026 16:40
WhatsApp_Image_2026_c3vnNVG.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Чүй облусунда жогорку билими бар, бирок педагогикалык билими жок адистерди мугалимдик кесипке кайра даярдоого багытталган “Заманбап мугалим” долбоору пилоттук негизде ишке ашырылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов "Элден собол" берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында жогорку билими бар, бирок педагог эмес адистер атайын кайра даярдоо программасынан өтүп, практикалык сабактарды коштоо менен мугалимдикке даярдалат.

Музулманов белгилегендей, мугалимдердин жетишсиздиги өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалууда. Былтыркы окуу жылынын аягында өлкө боюнча жалпы 658 мугалим жетишсиз болгон.

“Бул багытта мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуган студенттерди өлкөдөгү мектептердин муктаждыгына жараша арыздарга карата бөлүштүрөбүз”, – деди ал.

Ал ошондой эле өлкө мектептеринин 90 пайыздан ашыгы жаңы окуу жылына даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы мектептерде окуучулардын санынын көптүгү байкалууда. Буга демографиялык өсүштүн эсебинен жыл сайын окуучулардын санынын көбөйүшү себеп болууда. Ушуга байланыштуу аталган шаарларда жаңы мектептерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы кошумчаланды.