Чүйдөн Жалал-Абадга чейин: Туристтик багыттардагы жолдор оңдолууда

Коом 140 19 Август 2026 09:10
eabeab6f-2247-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, коллегиясынын жыйынында жол, темир жол, автомобиль жана суу транспорту тармактарындагы аткарылган иштер талкууланып, жылдын экинчи жарымына карата милдеттер белгиленди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жолдорду асфальттоо иштери жогорку темпте уланууда. Ошондой эле туристтик багыттардагы жолдор курулуп, оңдолуп жатат.

Атап айтканда, Чүйдө Арашан – Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлүүдө. Ысык-Көлдө Чолпон-Ата айланма жолу, Кырчын жайлоосуна, Жыргалаңга жана көл жээгиндеги пансионаттарга баруучу жолдордо иштер жүрүүдө.

Жалал-Абадда Сары-Челек, Арстанбап, Кара-Алма, Кербен жана Ала-Бука багыттарындагы, Таласта Талас – Беш-Таш, Манас-Ордо жана Чыңгыз Ааламы жолдорунда курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министр Талантбек Солтобаевдин айтымында, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен министрлер кабинети министрликтин ишмердигине "эң жакшы" деген баа берген.

Коллегиянын соңунда ишинде жетиштүү жыйынтык көрсөтө албаган айрым жетекчилерге эскертүү жана сөгүш берүү, ошондой эле кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлдү.

Министрликтин жетекчилиги алдыга коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу жана жарандардын кайрылууларын сапаттуу кароо боюнча тапшырмаларды берди.