Чүйдүн Ленин айылында "Жашыл планета" экологиялык акциясы өттү

Аймак 16 апрель 2025 13:22
491932241_692688386670351_6703556363128322791_n.jpg
491538334_692688360003687_6112820651678434860_n.jpg
491442368_692688343337022_6717430548305744663_n.jpg
491461275_692688336670356_36417841198208319_n.jpg
WhatsApp_Image_2025-04-16_at__yxs2i1q.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-16_at__b056F6d.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-04-16_at__H1Ef9Rk.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Күн мурун Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айылында "Жашыл планета" экологиялык акциясы болуп өттү.

Аламүдүн райондук акимчилигинен билдиришкендей, иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракесине арналып, "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму уюштурулган.

Алгач курман болгон баатырлардын мемориалына гүл коюлуп, асманга тынчтыктын символу болгон ак көгүчкөндөр учурулду. Андан соң концерттик программа тартууланып, дасторкон жайылды.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө 150 түп роза, 30 түп ак кайың, 30 түп эмен көчөттөрү отургузулуп, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин орун басары, Достук айыл аймагынын башчысы, "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун башчысынын орун басары, мектеп окуучулары, айыл тургундары катышты.