Чүйдөгү жатак-мектептин мугалимдерине жаңы ноутбуктар тапшырылды

Коом 2 сентябрь 2025 09:55
540304573_1213816500792092_6909156533210542432_n.jpg
541472165_1213688524138223_7442481992290865108_n.jpg
541056965_1213688527471556_788804136919588566_n.jpg
Алдыга
Артка
540304573_1213816500792092_6909156533210542432_n.jpg
541472165_1213688524138223_7442481992290865108_n.jpg
541056965_1213688527471556_788804136919588566_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Билим күнүнө карата Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүн жатак-мектепке агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев барып, мугалимдер менен тарбиячыларга ноутбуктарды тапшырды.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө М. Баймурзаев тарбиялануучулар менен маектешип, алардын билим жолунда ийгиликтерди багынтуусун каалап, балдардын келечегине жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Министрдин биринчи орун басары мектептин имараттарын жана материалдык-техникалык базасын да көрүп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Агартуу министрлиги жатак-мектепке 20 млн сом бөлүп берген, бул каражаттын эсебинен жатак-мектептин имараттары жаңыланып, шарттарын жакшыртылууда.