Чүйдө жол жээгине патрулдук унаалардын макеттери коюлат

Коом 12 сентябрь 2025 13:00
Чүйдө жол жээгине патрулдук унаалардын макеттери коюлат
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек 12.09.25. Кабар/. Жайыл районунда жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Жайыл районунда айдоочулардын жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, жол жээгиндеги орто билим берүү мекемелеринин алдындагы жөө өтмөктөргө патрулдук унаалардын макеттерин жана жарык чагылдыруучу жаныбарлардын макеттерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Бул чара айдоочулардын көңүлүн окуу жайларынын жанында жана ашууларда этият болууга буруу, ошондой эле балдар көп жүргөн жол тилкелеринде ылдамдыкты азайтуу зарылдыгын эскертүү максатын көздөйт",-деп айтылат маалыматта.