Чүйдө жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду — айдоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 14 Октябрь 2025 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда эки өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндө 1956-жылы туулган жаран Г.М. башкарган жүк ташуучу унаа түндүктөн түштүк багытта бара жатып, жөө өткөөлдө бара жаткан эки өспүрүмдү — 2018-жылы төрөлгөн А.А. жана 2017-жылы төрөлгөн А.И.ни сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эки өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон.

Айдоочу Г.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштери уланууда.