Чүйдө жогорку түшүмдүү үрөндөр жана жаңы агротехнологиялар көрсөтүлдү

Аймак 30 Июль 2026 17:10
photo_5429626857822295979_w.jpg
photo_5429626857822295975_w.jpg
photo_5429626857822295978_w.jpg
photo_5429626857822295972_w.jpg
photo_5429626857822295971_w.jpg
photo_5429626857822295994_w.jpg
photo_5429626857822295993_w.jpg
photo_5429626857822295970_w.jpg
photo_5429626857822295973_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5429626857822295979_w.jpg
photo_5429626857822295975_w.jpg
photo_5429626857822295978_w.jpg
photo_5429626857822295972_w.jpg
photo_5429626857822295971_w.jpg
photo_5429626857822295994_w.jpg
photo_5429626857822295993_w.jpg
photo_5429626857822295970_w.jpg
photo_5429626857822295973_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун Искра айылында "Кыргызстандын дыйканчылыгынын келечеги" программасынын алкагында талаа презентациясы өтүп, айыл чарбасындагы жаңы технологиялар жана келечектүү өсүмдүк сорттору көрсөтүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага айыл чарба тармагынын адистери, фермерлер, эксперттер жана өнөктөш компаниялардын өкүлдөрү катышты. Анда азык-түлүк коопсуздугу, сапаттуу үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана топурактын асылдуулугун сактоо маселелери талкууланды.

Презентациянын жүрүшүндө 100дөн ашык сафлор жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү сорттору көрсөтүлүп, алардын климатка ыңгайлашуусу жана ооруларга туруктуулугу тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле катышуучуларга санариптик өсүмдүк диагностикасы, органикалык жер семирткичтер, биопрепараттар жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган заманбап ыкмалар тааныштырылды.

Адистер сапаттуу үрөндөн баштап даяр түшүмгө чейинки комплекстүү коштоо айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.