Чүйдө жашылча-жемиштерди тоңдуруучу комплекс курулат

Аймак Загрузка... 25 Февраль 2026 10:44

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Чүй облусунун Ак-Суу айылында заманбап тоңдуруучу комплекс курулат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Бешинчи биргелешкен долбоорду каржылоо боюнча келишимге РКӨФ жана өлкөдөгү айыл чарба продукциясын экспорттоочу эң ири ишканалардын бири “Кыргызцентропродукт” ЖЧКсы кол койду. Фонддун инвестициясы заманбап тоңдуруучу комплексти курууга жумшалат.

РКӨФтүн маалыматы боюнча аянты болжол менен 5 миң чарчы метрди түзгөн жаңы объект бир убакта 3 миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоого мүмкүнчүлүк берет. Комплекс ишке киргенден кийин ишкананын продукция сактоо жалпы кубаттуулугу эки эсе жогорулайт.

“Бул долбоор РКӨФ үчүн абдан маанилүү, анткени ал 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына толук жооп берет. Биз президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган айыл чарба продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоону бир нече эсеге көбөйтүү боюнча тапшырмаларды так аткарып жатабыз. Айыл чарбасында бардыгын мезгил чечет. Түшүм жыйноо кызуу жүргөн айларда мөмө-жемиштер абдан көп болгондуктан, иштеп жаткан сактоочу жайлардын кубаттуулугу жетпей калат. Жаңы комплекс фермерлерден мөмө-жемиштерди тынымсыз кабыл алууга шарт түзүп, түшүмдү жоготуу тобокелдиктерин четтетет”, - деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Келишимге кол коюу аземине катышкан президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов долбоордун регион үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Чүй облусу бир гана агрардык аймак эмес, өндүрүштүк өнүгүүнүн борбору катары да кабыл алынып жатканы жакшы жаңылык. Мындай долбоорлордун ишке кириши облустун өнөр жай потенциалын күчөтөт”, - деди ал.

Инфраструктуранын кеңейтилиши экспорттун динамикасына түздөн-түз байланыштуу: акыркы жылда тоңдурулган мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жеткирүү дээрлик төрт эсеге өсүп, 3 миң 632 тоннага жетти. Ак-Суудагы бул жаңы комплекс фермерлерден продукцияны үзгүлтүксүз кабыл алууну жана эл аралык талаптарга ылайык сапатты сактоону камсыз кылат.