Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында жыл сайын өткөрүлүүчү “Кара-Куурай” комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чара башталды.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты — жапайы өскөн кара куурай талааларын аныктап, жок кылуу, ошондой эле каннабис бышып жетилген мезгилде баңги заттарды даярдоо, ташуу жана сатуу каналдарына бөгөт коюу.
Операциянын алкагында Чүй өрөөнүнүн тоо этектериндеги аймактар, талаалар жана бош жаткан жерлер үзгүлтүксүз текшерилип, кара куурай өскөн очоктор аныкталууда. Табылган өсүмдүктөр чабуу жана өрттөө жолу менен жок кылынат.
Ошондой эле дыйкан чарбаларынын жетекчилерине, жер ижарачыларына жана айыл өкмөт башчыларына карамагындагы аймактарды өз убагында тазалоо боюнча расмий эскертмелер берилүүдө.
Ички иштер органдары жарандарды баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү иштерине активдүү көмөк көрсөтүүгө чакырат.