Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. Ысык-Ата районундагы "Асыл тери" заводу үчүн өндүрүштүк жана тиричилик саркынды сууларын тазалоочу курулма курулууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, объектти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Курулма Нурмамбет айыл аймагындагы Чүй агроөнөржай аймагында жайгашкан. Анын курулуш иштери 2026-жылы башталган.
Анын негизги өзгөчөлүгү саркынды сууларды курамындагы күкүрттөн жана хромдон бир нече баскыч менен тазалоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Курулманын ишке кириши саркынды сууларды тазалоонун сапатын жогорулатып, айлана-чөйрөгө түшкөн экологиялык жүктү азайтууга багытталган.
Объекттин курулушу менен Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Зарылбек Каратаев таанышты.