Чүйдө мыйзамсыз курулуп жаткан таунхаус аныкталды

Аймак Загрузка... 26 Май 2026 18:00

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Чүйдө мыйзамсыз курулуп жаткан таунхаус аныкталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Москва районунун Садовое айылында курулуп жаткан таунхаустун тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталды.

Бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу болуп саналат.

Аталган мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарапка мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилип, тиешелүү акт түзүлдү. Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.