Ысык-Атада бактарды мыйзамсыз кыйган жарандан 95 миң сом өндүрүлдү

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 09:58
1093127761_0_75_800_525_600x0_80_0_0_39d19ac5ebbf51490d6a778f87959bf2.jpg

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Ивановка айылынын тургунуна өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн 95 миң 369 сом өлчөмүндө доо эсептелип, ал каражат толугу менен өндүрүлгөн.

Ошондой эле мыйзам бузган жаранга жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга жол бербөө тууралуу расмий эскертүү берилди.