Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгына белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз аңчылык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Анын негизинде инспекторлор Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Анда аңчылык кылган жарандын тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды.
Аталган факты боюнча мыйзам бузган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 6 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.