Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Чүй облусунда “Кыргыз көмүр” ишканасынан ташылып келген көмүрдүн баасы 1 тоннасына 5 миң 800 сомдон жогору болбошу керек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, көмүрдүн баасы өлкөнүн ар аймагында ар кандай.
“Чүйдө “Кыргыз көмүрдүн” баасы 5 миң 800 сомдон ашпашы керек. Ал эми жеке ишкерлер өз алдынча ташып келип жаткан көмүрдү 6 миң 500 сомдон жогору сатпоосу керек. Быйыл көмүр бир аз кымбаттады, бирок өткөн жылга салыштырмалуу чоң айырма болгон жок. Былтыр Чүйдө көмүрдүн максималдуу баасы 5 миң 500 сом болгон. Азыр баалар көзөмөлдө”, - деди Орозбаев.