Чүйдө эт багытындагы тоок фермасы кеңейип жатат

Аймак Загрузка... 11 Ноябрь 2025 15:05
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Чүй районуна караштуу Кара-Дөбө айылында жеке ишкер эт багытындагы бройлер тоокторун багуу багытында чарбасын ийгиликтүү өнүктүрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эксперимент катары алгачкы партияда 8 500 баш бройлер балапаны сатып алынган. Алар 45 күн багылгандан кийин керектүү кондицияга жеткирилип, тоок эти ички рынокко чыгарылган.

"Учурда чарбада 6 500 баш тоок багылып жатат. Бир жуманын ичинде аларды союп, рынокко чыгаруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Чарбаны кеңейтүү максатында аралаш жем чыгарууга арналган имарат курулуп, керектүү жабдууларды алып келүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, чарбанын келечектеги пландарында мал союучу жай жана колбаса өндүрүүчү цехтин курулушу каралууда. Бул багыттагы иш-чаралар айылдагы өндүрүштү жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.