Чүйдө Эгемендүүлүк жана Билим күнүнө карата гарнизондук саптык тизилүү өттү

Коом Загрузка... 29 Август 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 29.08.2025. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта Чүй облусунун, Москва районунун борбордук аянтында Чүй облусунун Ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.

Мекемеден билдиришкендей, алгач бул иш-чарада Чүй облустук ички иштер органдарына жаңы дайындалган милиция кызматкерлеринин ант берүү аземи болуп, баардыгы болуп 31 кызматкер ант беришти.

Чүй облусунун ИИББнын башчысы К.Абдырахманов өздүк курамды жана ант берген жаш милиция кызматкерлерин келе жаткан Эгемендик майрамы менен куттуктады.

Гарнизондук саптык кароонун жүрүшүндө К.Абдырахманов майрам күндөрү облус аймагындагы коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулуктун алдын алууда ар бир кызматкер кызматтык милдетти бийик коюшу керектигин белгилеп, жарандардын кайрылууларына арыз-даттанууларына ыкчам чара көрүүнү, бир дагы жаран милицияга нааразы болбошу керектигин белгилеп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо коюлган тапшырмалардын так аткарылышын талап кылды.

"Иш-чара кызматкерлердин кызматтык даярдыгы, формаларынын талапка ылайыктуулугу текшерилип, авто унаалардын абалы кароодон өткөрүлүп, соңунда кызматкерлердин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады",-деп айтылат маалыматта.