Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Чүйдө балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жайыл районунда 28 жаштагы дайынсыз болуп жаткан жаранды Көкөмерен дарыясынан издөөгө бүгүн, 28-майда 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар бир аптадан ашык убактан бери издөөнү үзгүлтүксүз улантууда.