Чүйдө балык уулоого чыгып дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Аймак 26 май 2025 12:42
Чүйдө балык уулоого чыгып дайынсыз болгон жаран изделүүдө
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Чүйдө балык уулоого чыгып дайынсыз болгон жаран изделүүдө.

ӨКМден билдиришкендей, Жайыл районунда Көкөмерен дарыясынан 28 жаштагы жаранды издөөнү улантууга бүгүн 15 куткаруучу, 2 дрон тартылды.

Эске салсак, 19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө иши уланууда.