Чүйдө айдоо жерине мыйзамсыз 9 үй куруп алышкан

Коом 1116 27 Февраль 2025 15:33
1200789.4c630f3d8bf4bd768ff4d632c01ed484.jpg
WhatsApp_Image_2025-02-27_at_10.53.04_2 (3).jpeg
Алдыга
Артка
1200789.4c630f3d8bf4bd768ff4d632c01ed484.jpg
WhatsApp_Image_2025-02-27_at_10.53.04_2 (3).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Чүйдө айдоо жерине мыйзамсыз 9 үй куруп алышкан.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Чүй облусундагы Кара Жыгач айыл аймагынын №9 жана №10 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы айдоо жери максатсыз пайдаланылып келгени аныкталды.

Тактап айтканда, аталган жерге белгисиз жарандар тарабынан 5 пайдубал, 9 үй жана 1 тиричилик имараты курулган, ошондой эле, жол салуу максатында узуну 425 метр, туурасы 6 метрди түзгөн сугат айдоо жерине кум-шагыл төгүлгөнү аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, жогоруда аталган белгисиз жарандардын аракеттеринде кылмыш белгилери болушу мүмкүн экендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Кылмыш-жаза” кодексинин 212-беренесинин негизинде жогоруда аталган участоктор боюнча материалдарды кароо жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Чүй ОИИБге өткөрүлүп берилди.