Чүйдө 4,6 млн сомдук мыйзамсыз ичимдик жана мотор майы табылды

Экономика Загрузка... 02 Июль 2026 16:30
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Чүй облусунун Новопокровка айылында акциздик маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдарды жана алкоголдук продукция аныкталды.

Салык кызматынан билдиришкендей, рейд учурунда кампалардын биринен акциздик маркасы жок 436 даана алкоголдук продукция, ошондой эле жалпы көлөмү 13 миң 306 литр болгон мотор майы табылган.

Аныкталган продукциянын жалпы баасы 4 млн 617 миң 518 сомду түздү.

"Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, зарыл болгон материалдар чогултулду. Учурда материалдар укуктук баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди",-деп айтылат маалыматта.