Чүйдө 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 27 Июнь 2025 16:56
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Чүй облусунда 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Токмок шаарынын Чыгыш өнөр жай зонасында жайгашкан 2,8 га жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 1989-жылы эл депутаттарынын Токмок шаардык Советинин аткаруу комитетинин №100 чечими менен кара металл сыныктарын кабыл алуу боюнча "Вторчермет" ишканасына өндүрүштүк базаны курууга жер бөлүнүп берилгендиги такталган.

2000-жылдардын башында ишкананын укук мураскери тарабынан "Чүйоблснабторг" ААК банкрот болгондон кийин, мүлк, анын ичинде жогоруда аталган аймак жеке менчикке мыйзамсыз өткөн.

"«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору, алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш. Бирок, мыйзам бузуу менен жер тилкеси жеке адамдын пайдасына ажыратылган.

Учурдагы менчик ээси, жаран Ж.Т.Д. 2,8 га жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.