Чүйдө 21 миң ипотекалык батир куруу пландалууда – Элкинбек Аширбаев

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 13:20
WhatsApp Image 2026-07-08 at 13.18.03.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Мунапыс мыйзамынын алкагында жер маселеси чечилип, Чүйдө турак жай курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын биринчи этабы ийгиликтүү аяктап, көптөгөн маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Экинчи этапта калган көйгөйлөр жөнгө салынат.

“Эң башкысы маселе ордунан жылды. Жер маселеси эл үчүн маанилүү, анткени адамдын жашоосу ар дайым жер менен байланышта. Буга жарандардын турак жай маселесин чечүүчү Мамлекеттик ипотекалык компаниянын долбоорлору маанилүү роль ойноп жатат. Бүгүнкү күндө Чүй облусунда беш турак жай долбоору ишке ашырылып, дагы 2-3 долбоор даярдалып жатат. Алардын алкагында жалпы 21 миң батир берүү пландалууда”, — деди Аширбаев.