Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК быйыл Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу жаңы цехтерди ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун негизги максаты — Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр мамылары жана башка зарыл темир-бетон конструкциялары менен толук камсыздоо. Ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзүү жана курулуш материалдарынын өздүк наркын арзандатуу каралган.
Курулуш иштери күн жылыганда башталып, ушул жылдын август-сентябрь айларында аяктоосу күтүлүүдө. Учурда жер тилкелери такталып, долбоорлоо иштери аяктады жана тендер аркылуу куруучу компания аныкталды.
Мындай цехтер буга чейин Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарында ийгиликтүү иштеп келет. Алардын жалпы жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 12 миң даананы түзөт.