Чүй районундагы 82 шайлоо тилкесинде 138 медицина кызматкери иштөөдө

Аймак Загрузка... 30 Ноябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн Чүй облусунун Чүй районундагы 82 шайлоо участогунда 138 медицина кызматкери эки нөөмөт менен саат 8:00дөн 20:00гө чейин кезмет уюштурууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, учурда кезметтеги медайымдар добуш берүү тилкелеринде өз кызматтарын аткарышууда.

“Башкы милдет - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө зарыл болгон алгачкы жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн медицина кызматкерлери ыкчам реакция кылууга даяр”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы “КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында ЧОЖДПБ тарабынан шайлоо учурунда медицина кызматкерлеринен нөөмөт менен кезмет уюштурууну камтыган буйругу чыгарылган.