Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Чүй облусунун бардык райондорунда Ноорузга арналган майрамдык иш-чаралар өттү.
Чүй райондук акимчилигинен билдиришкендей, "Бурана" археологиялык-архитектуралык мунарасы музей комплексинде Нооруз майрамына карата "Кыргыз даамы- сүмөлөк” аталышында "Сүмөлөк" фестивалы өткөрүлдү.
Анда белгиленгендей, фестивалга айыл өкмөттөрүнөн жана башка дагы мекеме, уюмдардан 11 команда катышып, 800-900 литрдей сүмөлөк кайнатышты. Сүмөлөктөр фестивалдын катышуучуларына таратылды.