Чүй районунда 12 миңден ашык "акылдуу" эсептегичтер орнотулду

Коом 4 октябрь 2025 12:30
1.jpg
558747499_18079515548476120_5348351997967998949_n.jpg
558909247_18079515521476120_2657843812965211605_n.jpg
559006947_18079515512476120_2369315549689275990_n.jpg
559012671_18079515539476120_6527175925711212238_n.jpg
559259537_18079515530476120_3144495453500676499_n.jpg
559265385_18079515503476120_3665070292987732418_n.jpg
559692840_18079515560476120_7320070698156342892_n.jpg
559960322_18079515578476120_8941430368819901697_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
558747499_18079515548476120_5348351997967998949_n.jpg
558909247_18079515521476120_2657843812965211605_n.jpg
559006947_18079515512476120_2369315549689275990_n.jpg
559012671_18079515539476120_6527175925711212238_n.jpg
559259537_18079515530476120_3144495453500676499_n.jpg
559265385_18079515503476120_3665070292987732418_n.jpg
559692840_18079515560476120_7320070698156342892_n.jpg
559960322_18079515578476120_8941430368819901697_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй райондук электр тармактарынын алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин текшерди.

Ведомстводон маалымдашканда, текшерүүнүн жүрүшүндө министр Чүй РЭТиндеги оңдоп-түзөө, реконструкциялоо жана учурда Чүй району боюнча акылдуу эсептегичти орнотуу иштери менен жакындан таанышты.

Министр акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерине өзгөчө көңүл бурууну, белгиленген мөөнөттө орнотуп бүткөрүүнү жетекчиге тапшырма берди.

Аны менен катар Чүй РЭТинин жетекчисине 1-ноябрга чейин оңдоп-түзөө, реконструкциялоо иштерин аягына чыгарууну тапшырды.

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиевге электр куроочуларга жайкы жана кышкы бут кийимдер менен атайын кийимдерди өзүнчө берүүнү карап чыгууну эске алуу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Чүй РЭТинин эмгек жамааты менен жолугушуп, чечилбеген маселелер, аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Анда энергетиктер атайын техниканын эскиргенин, иштөө мөөнөтү аяктап калганын, айлык маяна маселесин карап берүүнү суранышты.

Министр айтылган сунуштарды угуп, кийинки жылы атайын техника маселеси чечилерин, аны менен катар айлык маянаны көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги бардык энергокомпанияларга алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү талабын койгон.

Коюлган талаптардын негизинде Чүй РЭТинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • 77 даана трансформатор капиталдык оңдоодон;
  • 376 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, реконструкциялоо иштеринин алкагында:

  • 5 даана жаңы трансформатор орнотулуп;
  • 8,2 чакырым СИП кабелдери тартылды;
  • 135 даана темир бетон мамыча орнотулуп;
  • 12 025 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.