Чүй проспектисинин бир бөлүгүн оңдоо мөөнөтүнөн эрте аяктады

Коом Загрузка... 02 Июнь 2025 09:20
498238268_1146420364200483_4907825627842903905_n.jpg
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек 02.06.25 /Кабар/. Бишкекте Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү 2-июнда оңдоо иштеринин мөөнөтүнөн үч жума мурда аяктаганына байланыштуу жолдун түндүк тарабына унаа кыймылы үчүн ачылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгынын азайтуу үчүн шаар тургундарына жол жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонуу сунушталат.

Белгилей кетсек, жол оңдоо жана бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен мурда аткарылууда.