Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк тарабы 3 күнгө жабылат

Коом 21 август 2025 17:30
Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк тарабы 3 күнгө жабылат
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. 23-августтан 25-августка чейин Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жол тыгындарын болтурбоо максатында жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.