Жол оңдоо иштери. Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн бир бөлүгү ачылды

Коом 25 август 2025 17:17
Жол оңдоо иштери. Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн бир бөлүгү ачылды
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Бишкекте Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тилкеде эки катмар асфальт төшөлгөн. Эми автобус каттамдары мурдагы жол кыймылы менен каттай баштайт.

Эскерте кетсек, Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк тарабы 23-августтан тарта оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.