Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Чүй облусунун башчысы Азамат Осмонов Токмок шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборуна барып, калкка көрсөтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын шарттары менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, текшерүү учурунда мекеменин абалына өзгөчө көңүл бурулуп, имарат эски болгондуктан капиталдык ремонтту талап кылары белгиленди. Ошондой эле борбордун толук кандуу иштеши жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон айрым бөлүмдөрдүн жетишсиздиги айтылды.
Оорукана кызматкерлери дарыгерлердин тартыштыгы бар экенин, бул учурдагы медперсоналга кошумча күч келтирип жатканын билдиришти. Ал эми дары-дармектер менен камсыздоодо тартыштык жоктугу маалымдалды.
Осмонов мекеме жетекчилиги тарабынан берилген бир катар маанилүү маселелер боюнча толук жана так маалыматка ээ болбогонун белгилеп, мындай жагдай медициналык мекеме үчүн жол берилбей турганын кошумчалады.
Облус башчысы башкаруучулук тартипти күчөтүүнү, берилүүчү маалыматтарды өз убагында жаңыртып турууну жана имаратты оңдоо, кадрдык тартыштыкты жоюу боюнча сунуштарды даярдоону да тапшырды.