Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй облусунун аймагында калың туман түшүп, жол коопсуздугу татаалдашты.
Буга байлныштуу Чүй облустук милициясы жарандарды өзгөчө этият болууга, жол коопсуздугу татаалдашкан тилкелерге өзгөчө көңүл бурууга чакырат
Тактап айтканда, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда калың туман түшуп, жолдор тайгак болууда. Ошондой эле Ысык-Ата жана Кемин райондорунун айланма жолдорунда, тоолуу аймактарда жана эс алуу зоналарында туман түшүп, жолдор тоңуп, кыймылды бир топ кыйындатууда.
Буга байланыштуу айдоочуларга төмөнкүлөр сунушталат:
- белгиленген ылдамдык режимин жана коопсуз аралыкты сактоо;
- кескин маневрлерди жасабоо, күтүүсүз тормоз басуудан жана ашып өтүүдөн качуу;
- автоунаанын техникалык абалын, өзгөчө тормоздук тутумун, жарык берүүчү каражаттарын жана айнек тазалагычтарын текшерүү;
- мүмкүнчүлүккө жараша, аба ырайы оңолгонго чейин алыскы сапарлардан жана тоолуу аймактарга баруудан баш тартуу.
“Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдөн жолдон өтүүдө этият болуп, эрежелерди сактоону жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген шартта жарык чагылдыруучу элементтерди колдонуу сунушталат”,-деп айтылат маалыматта.