Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Бүгүн Чүй облусундагы 18 жасалма уруктандыруу пункттарына заманбап жабдуулар тапшырылды.
Жабдууларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тапшырды.
Айыл чарба министрлигинен маалымдашкандай, жабдуулар Дүйнөлүк банктын "Туруктуу айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатып алынды.
"Мал чарбасы Кыргызстандын экономикасына жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Соңку жылдары малдын саны туруктуу өсүп, эт жана сүт өндүрүмдүүлүгү көбөйүүдө", — деди Төрөбаев.
Министрлик жасалма уруктандыруунун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, жыл сайын жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ сүт жана эт багытындагы букалардын уругун колдонуп, кеминде 200 миң уйду уруктандырууну көздөп жатат.
"Азыркы учурда ишке ашырууга керектүү бардык ресурстар бар. Эми ийгиликке жетишүү үчүн жер-жердеги жооптуу структуралардын тыгыз жана биргелешип иштеши зарыл", - деп белгиледи министр.
Москва районунун Төлөк айылынын ветеринары жана жасалма уруктандыруучу Ильяз Шаршенов райондо жасалма уруктандырууга суроо-талап чоң экенин белгиледи.
"Бул мал чарба тармагындагы натыйжалуулукту арттырат. Азыр көлөм эмес, сапат менен иштеп жаткан учурубуз. Көптөр 10 жарамсыз уйду багууга карганда, 2-3 жакшы уйду багуу жакшы деп эсептейт. Ошол 2-3 уйдун кирешеси 10 уйдун кирешесине барабар болот", - деди.
Бермет Жумабекова