Чүй облусунда жыл аягына чейин 16 ишкана ачылат – Канат Жумагазиев

Аймак Загрузка... 07 Ноябрь 2025 12:35
WhatsApp Image 2025-11-07 at 12.40.09.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Чүй облусу боюнча жылдын аягына чейин дагы 16 ишкана ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев билдирди.

“Бул - президент Садыр Жапаровдун элди жеринде иш менен камсыз кылуу деген бирден-бир талабы жана тапшырмасы болуп саналат. Ар жерлерде кичи ишкана болобу же чоң ири ишкана болобу жерин бөлүп берип, документ иштерине жардам берүү менен ишканалар четинен ачылып жатат.

Андан сырткары, курулуп жаткан, ачылып жаткан социалдык объектилер да бар”,-деп белгиледи ал.