Чүй облусунда жер титиреди

Кырсык 18 декабрь 2025 10:40
Чүй облусунда жер титиреди

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Бүгүн түнкү саат 03:03тө Чүй облусунун аймагында жер титиреди.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 балл болгон.

Жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан түштүк-батышка карай 22 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.