Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чүй облусунда саат 20:00гө карата 6 округга караштуу 369 шайлоо тилкесинде добуш берген жалпы шайлоочулардын саны 216 миң 351 адамды же 34,5 пайызды түздү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, облуста жалпы катталган шайлоочулардын саны 627 миң 533 адамды түзөт.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун аймагында 49 айыл аймак, 3 облустук маанидеги шаар, 8 район, 4 райондук маанидеги шаар жана 310 айыл бар.