Чүй облусунда турак жайлардын 30 пайызы камсыздандырылды

Аймак Загрузка... 19 Ноябрь 2025 17:45
813521695128507_big_jQcDbK8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Чүй облусунда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бүгүнкү күндө облустун турак жай фондусунун 30 пайызы камсыздандырылган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй филиалынын кызматкерлери "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Филиалдын чекене соода бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Кадырбаев белгилегендей, милдеттүү камсыздандыруу президенттин жарлыгына жана министрлер кабинетинин токтомуна ылайык ишке ашырылып жатат.

"Эгер Чүй облусу боюнча статистиканы ала турган болсок, жалпысынан турак жай фондунун 30 пайызы камсыздандырылды. Жылдын аягына чейин 40 пайызга жеткирүү пландалууда. Ар бир райондо биздин сатуу бөлүмдөрүбүз бар, анда кызматкерлер өздөрүнүн турак жайын кантип камсыздандыруу керек экендиги боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин алып барышат", - деди ал.

Филиалдын камсыздандыруу боюнча башкы адиси Элина Умуралиеванын айтымында, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу - турак үйдү милдеттүү камсыздандырууну билдирет, бул форматка бардык турак үйлөр жана батирлер кирет.

Ал билдиргендей, өткөн жылдын декабрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунда 27 834 камсыздандыруу полиси таризделген.

"Жылдан жылга калктын камсыздандыруу сабаттуулугу жогорулап, барган сайын үйлөрүн камсыздандыргандар көбөйүп жатат", — деп баса белгиледи Умуралиева.