Чүй облусунда шайлоо тынч өтүүдө – милиция

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 19:40
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Чүй облусунда шайлоо мыйзамдуу өтүүдө, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Облустук милициядан билдиришкендей, шайлоо документтеринин коопсуздугун жана сакталуусун камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо максатында Чүй облустук жана шаардык милициялардын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн.

Милиция кызматкерлери облус аймагындагы бардык шайлоо тилкелеринде нөөмөттө турушуп, урналарды, бюллетендерди жана башка шайлоо мүлктөрүн кайтарууда. Коомдук тартиптин бузулушуна жол бербөө үчүн жөө жана мобилдүү патрулдар күчөтүлүп, ыкчам топтордун иши уюштурулуп, коомдук жайлардагы жагдай туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

Чүй облусунун жетекчилиги ички иштер органдарынын бардык бөлүктөрү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка тиешелүү түзүмдөр менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатканын белгилейт. Бул чаралар шайлоо процессинин ачыктыгын, мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Чүй облусунун аймагында 369 шайлоо участкасы жана 2 дистанциялык шайлоо участкасы иштеп жатат. Облус аймагында мыйзамдын одоно бузулушу катталган жок.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.

Саат 19:00гө карата өлкө боюнча шайлоочулардын 34,31 пайызы, же 1 млн 473 миң жаран шайлоого катышты.