Чүй облусунда селден коргоо иштери жүрүүдө

Аймак Загрузка... 17 Апрель 2025 09:00
mchs-2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25./Кабар/. Чүй облусу боюнча азыркы тапта сел кырсыктарынан коргоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ӨКМден билдиришкендей, 2025-жылга карата жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачында сел сууларын коопсуз жана тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн министрлик тарабынан бекитилген “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаралары мерчеминин негизинде 15 объект коргоого алынат.

Муну менен катар 189 турак жай, 2 мектеп, 4 сарай, 433 га айдоо жер, 1 көпүрө, ЛЭП, 1 жатакана, 1 көрүстөн, ички унаа жолдор, таза суу дарбазасы, мамлекеттик резиденциясы сел сууларынан корголмокчу.

Бүгүнкү күндө 6 объектиде коргоо иш-чаралары толук жүргүзүлүп, 1 объектиде иш улантылууда.