Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Быйыл Чүй облусуна ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 120 млн сом каралды. Бул тууралуу президентинин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев облустук жыйындын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы ирригация объекттерин оңдоо үчүн 293,4 млн сом каралган.
“Бул каражатка 231,5 км каналдарды оӊдоо 609 км каналдарды механикалык тазалоо, 579 гидротехникалык курулмаларды, 516 суу өлчөөчү постторду, 1 насостук станциясын оңдоо, 740 км чарба аралык каналдарды кол менен тазалоо пландалды”, - дейт ал.
Ошондой эле 2026-жылы суу үнөмдөө технологиясын колдонгон дыйкандарга мамлекет тарабынан 1 млрд сом жеңилдетилген 2 пайыз менен насыялар берилери айтылды.