Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Чүй облусунда 418 миң 764 га айдоо жерлерине себүү иштери пландалып, анын 269 миң 698 га сугат айдоо жерлерин орточо 4-5 жолу сугаруу үчүн 850 млн куб метр суу берүү пландалды. Бул тууралуу президентинин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев облустук жыйындын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, сугаруу үчүн 2025-жылы 626,42 млн куб метр суу берилген.
“Жазгы талаа жумуштарынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Жумуштар негизинен сугат суу менен камсыздоо, сапаттуу жана жаңы үрөндөрдү даярдоо, техниканы оңдоо, жер семирткичтер менен күйүүчү май жеткирүү жана тажрыйба алмашуу, заманбап агротехнологиялык ыкмаларга үйрөтүү, колдонуу боюнча иш-чаралардан турат”,- деди Жантаев.
Андан соң ушул багытта аткарылып жаткан жумуштарга токтолду.
“Сугат суу менен камсыздоо, ирригация багытында бүгүнкү күндө облус боюнча 269 суу сактагыч бар, алардын жалпы долбоордук көлөмү – 253,145 млн куб метр болсо, азыркы күнү топтолгон суунун көлөмү – 168,81 млн куб метр түздү. Ушул жылга карата ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 120 млн сом каралды. Ал эми өткөн жылы ирригация объекттерин оңдоо үчүн 293,4 млн сом каралган.
Бул каражатка 231,5 км каналдарды оӊдоо 609 км каналдарды механикалык тазалоо, 579 гидротехникалык курулмаларды, 516 суу өлчөөчү постторду, 1 насостук станциясын оңдоо, 740 км чарба аралык каналдарды кол менен тазалоо пландалды”, - дейт ал.
Ошондой эле учурда 2026-жылга карата 95 миң 282 гектарга күздүк эгин себилип, 10 миң 625 миң гектарга тоңдурма айдоо иштери жүргүзүлгөндүгү кошумчаланды.