Чүй облусунда Чаа бийдин эстелиги ачылды

Аймак 6 август 2025 19:00
WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.34.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.34.58.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.38.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.46.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.46.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-06 at 14.44.08.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов бүгүн, 6-августта Чүй облусунун Беловодск айылынын борбордук аянтында Чаа бийдин айкелинин ачылыш аземине катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Чаа бий кыргыз элинин эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн символдорунун бири экенин белгиледи. Ал эми анын эстелигинин ачылышы – элдин терең урматтоосунун, тарыхый эстутумду сактоонун жана улуттук аң-сезимди бекемдөөнүн символу.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов сөзүнүн аягында жарандарды ар дайым биримдикте болууга, баатырлардын элесин түбөлүккө сактоого, тарыхты унутпоого жана келечек муундарда сыймыктануу жана патриотизм сезимдерин калыптандырууга чакырды.