Чүй облусун өнүктүрүүнүн негизги багыттары аталды

Аймак Загрузка... 18 Февраль 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Чүй облусу өлкөбүздүн өнөр жай, айыл чарба жана инвестициялык потенциалы жогору болгон стратегиялык аймактарынын бири. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов облустагы өткөн жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, үстүбүздөгү жылга коюлган пландар жөнүндө коллегиялык отурумунда билдирди.

Ошондуктан аткаруучулук тартипти бекем сактоо, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу, инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча так жана ыкчам иш алып баруу талап кылынаарын облус башчысы өз сөзүндө белгиледи.

Ошондой эле ал Чүй облусунун 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылып жаткан жана пландалган негизги иштер тууралуу маалымат берди.

Мында негизги 4 багыт көрсөтүлгөн:

Биринчи багыт - социалдык объекттер.

2026-жылдын январь айында президенттин Турукташтыруу фондунан 10 млрд сом бөлүнүп, облус аймагында 31 жаңы социалдык объект куруу жана 36 объектти капиталдык оңдоо каралды.

Анын ичинде:

  • жаңы курулуштар — 7 млрд 420 млн сом;
  • капиталдык оңдоо — 2 млрд 50 млн сом.

Бул объекттер билим берүү, саламаттык сактоо жана мектепке чейинки мекемелерди камтып, калктын жашоо сапатына түз таасир этет.

Экинчи багыт - экономикалык базаны чыңдоо.

Бул алкакта "Сары-Өзөн курулуш" долбоору өзгөчө мааниге ээ. Ысык-Ата районунда асфальт-бетон заводун куруу каралып, 500 млн сом инвестиция тартылууда. Бул жол куруу иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагына 30 млн сомго айыл чарба жана атайын техника алуу пландалган. Бул айыл чарба продукциясын жыйноо, тоют даярдоо жана ички жолдорду оңдоо маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Үчүчү багыт - системалуу башкаруу.

Алты артыкчылыктуу долбоор бекитилди: "Чүй Инвестиция", "Чүй Агро", "Чүй Туризм", "Жашыл Чүй", "Таза Чүй" жана "Заманбап Чүй".

Бул долбоорлор аймакты ар башка эмес, бирдиктүү система катары өнүктүрүүгө багытталган. Ар бир долбоор боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүп, квартал сайын отчет берүү, туруктуу мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыкка багытталган башкаруу механизми киргизилди.

Ошону менен бирге, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана шаар мэрлерине жеке жоопкерчилик жүктөлдү. Формалдуу отчет эмес — реалдуу натыйжа талап кылынат.

Төртүнчү багыт - жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо.

2026-жылы пилоттук режимде кум-шагыл аралашмасын казуучу ишканалардан түшкөн каражаттын 15 пайызын райондук администрациялардын атайын эсебине "бир кварталга – бир төлөм" принциби менен которуу сунушталды.

Бул каражаттар социалдык инфраструктураны жакшыртууга, ички жолдорду оңдоого, суу маселелерин чечүүгө жана калктын артыкчылыктуу муктаждыктарын камсыз кылууга багытталат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү багытында өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отуруму министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусу менен өтүүдө.